Студенттер дипломдук ишин дистанциялык түрдө жакташат

Жогорку жана орто окуу жайларында дипломдук ишти жактоо жана мамлекеттик экзамендерди өткөрүү дистанциялык түрдө жүргүзүлөт. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

"Салттуу мамлекеттик экзамендер маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери боюнча, ошондой эле Ички иштер министрлигинин Академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулат. Мында бүтүрүүчүлөр атайын даярдалган жадыбалдын негизинде тиешелүү санитардык талаптар аткарылгандан кийин окуу жайга келип тапшырышат.

2-курстун студенттери үчүн кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстандын географиясы жана Кыргызстан тарыхы дисциплиналары боюнча мамлекеттик экзамен 2020-жылдын күзгү семестрине жылдырылды. Ар бир окуу жайда мамлекеттик аттестациялык комиссия түзүлүп, экзамендерди өткөрүү боюнча нускамалар даярдалат. Анда мамлекеттик экзаменди өткөрүү технологиясы толук баяндалат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
amirrus
2020-05-20 17:22:26
пулду кантип алышат экен быягы кызык болот го,акчасыз эч ким дипломун защита кыла албайт го,элсомдон которгондорду фин.полиция менен антикоррупция жакшы караса мугалимдер ачка калат го...
0
tular
2020-05-21 01:42:08
amirrus, мугалимдер коррупционерлер эмес! Миллионду жегендер коррупционерлер!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан