Бишкекте айдоочу патрулдук милициянын кызматкерин сүзүп кетти

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкерин айдоочу сүзүп кетти. Кырсык бүгүн, 14-июлда саат 19:30 чамасында орун алганын Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Горкий көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан Ауди унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп бараткан кайгуул кызматкерин сүзүп алган. Унаа 1991-жылы туулган С.А. аттуу жарандын башкаруусунда болгон.

Кырсыктын кесепетинен кызматкер Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Айдоочунун мас же соо экенин аныктоо максатында наркологияга жиберилди", - дешти мекемеден.

Жөө өтмөктөн кызматкерди сүзүп кеткен айдоочу

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-07-14 23:10:00
Кутуруп айдагандар далайдын убалына калып атат.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан