Ош-Эркечтам унаа жолунда 19 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы унаа жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы 12-июль күнү саат 18:30 чамасында Ош-Эркечтам унаа жолунун 21-чакырымында, тактап айтканда Нариман айыл аймагында болгон. Анда Ош шаарынын тургуну 19 жаштагы Б.А. өзүнүн башкаруусундагы Nissan Primera унаасын Ош шаарын көздөй башкарып бара жатып, жолдун четине чыгып оодарылып кеткен.
Натыйжада айдоочу Б.А. жана жүргүнчүлөрү 19 жаштагы А.Н., 20 жаштагы А.К. ар кандай жаракаттарды алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.
Ал эми 19 жаштагы Э.А. аттуу жүргүнчү денесинен алган жаратынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Учурда бул кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.