Социалдык тармакта бир бала экинчи баланын үстүнө отуруп алып аёосуз сабагандагы видеосу тараган.
Анда көрүнгөндөй, топтошкон балдар талаага чогулган. Калгандары карап турганда, бир бала жатып калган өспүрүмдүн үстүнө отуруп, аны муунтуп, башына секиргенге чейин барган. Бул окуя каякта тартылганы белгисиз болгондуктан, колдонуучулар арасында талаш жараткан. Айрымдары мындай көрүнүш Бишкектин четинде орун алганын айтып чыгышкан.
Мындан улам шаардык ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, окуя Казакстандын аймагында болгонун айтышты.
"Бул бизде болгон эмес. Казакстандын Павлодар шаарында тартылган тасма. Бизге маалым болгондой, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кармалгандарга "өмүргө кол салуу" беренеси боюнча айып тагылган", - дейт мекеменин маалымат катчысы.