Бишкекте тепловоз жаш жигитти сүзүп кетти

Бишкекте тепловоз жаш жигитти сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 09:00 чамасында Мухтар Ауэзов көчөсүндөгү темир жолдо болгон.

“Күбөлөрдүн айтымында, тепловоздун айдоочусу ага бир нече жолу сигнал берген, бирок ал уккан эмес. Азыр жабырлануучунун аты-жөнү аныкталууда. Белгилүү болгондой, ал болжол менен 20-25 жашта. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aza84
2020-07-15 16:15:41
Балабы же кызбы
+1
Aituwas
2020-07-15 17:20:23
Биз жашаган жерден койгон тура .... эртен мн дырылдап токтоп турганын коруп не токтоп туру деп койдум эле ...
+1
Aituwas
2020-07-16 00:11:17
Аты жону такталдыбы супер?....бул биз жашаган жерде болуптур анан биз мн бир короодо жашаган кошуна бала дайынсыз болуп жатат,телефону уйдо калыптыр озу жок деп издеп жатышат....маалымат берип койсонор...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан