Бишкектеги обсервацияда иштеп жүрүп каза болгон. Адинай Мырзабекова курман болгондон кийин "Эрдик" медалы менен сыйланды

Бишкектеги обсервациялардын биринде медайым катары иштеп жаткан студент Адинай Мырзабекова каза болгондон кийин "Эрдик" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн "Эрдик" медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды", - деп айтылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курстун студенти 13-июль күнү каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле мекемеден маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон деген алдын ала маалымат беришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчы медайым Адинай Мурзабекованын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткан.

Бүгүн, 15-июлда анын сөөгү Ысык-Ата районундагы айылда жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aza84
2020-07-15 20:55:27
Сороновирус кунолу
0
asad9
2020-07-15 20:58:34
Сороновирус Бороновирустар жоголмоюнча Кыргызстан жок болот
+1
Mital.89
2020-07-15 22:50:19
Ай силер только олгондон кийин гана пайдасыз медал мн сыйлайсынарда. Ал медальын мине пайдасы бар эмиб
+1
akmanai
2020-07-15 23:57:45
Сыйлабаса сыйлап койбойбу дейсинер, сыйласа дагы башканы суйлойсунор. Жалан эле жаман соз айта бербей тырнактай жакшылыкты да айта журолу
+4
Patirot
2020-07-16 00:00:05
Бетин неге жаап салдынар башка сайта ачык эле туратко
+1
VENOM
2020-07-16 00:13:25
Кандай татынакай кыз эле, бул да бирөөнүн сүйүктүү жары, бирөөнүн мээримдүү энеси болмок эле аттиң..
+3
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-16 01:52:17
Мына ушул сыйлык ата энесин соорото алса керек.
Сооронбай сооротуу үчүн президент болгондой..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан