Өлкөдө дары-дармектин баасын негизсиз жогорулаткан 27 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө

Өлкөдө дары-дармектин баасын негизсиз жогорулаткан айрым фармацевтикалык компанияларга жана дарыканаларга карата сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Учурда бул багыттагы 27 иш каралып жатканы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов республикадагы бардык дарыкана пункттарындагы бааларды текшерүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (Финпол) рейд жүргүзө турган жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.

"Финпол дары-дармектердин баасын жана жасалма түрдө алардын таңкыстыгын түзүүгө байланыштуу фактылар боюнча бир топ текшерүү иштерин жүргүздү. Ага ылайык, айрым фармкомпаниялар менен дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан, дарыкана пункттары кассалык аппараттарды атайылап иштетпеген учурлар аныкталды. Ал тургай кампаларды тинтүү учуруна жарандардын өмүрүн сактап кала турган дары-дармектердин катылып турганы маалым болду. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Мындай фактылар өлкөдө, өзгөчө Бишкек шаарында медициналык каражаттарынын дефицитине алып келүүдө. Ошондуктан тармактык мамлекеттик органдар бул багыттагы жумуштарды күчөткүлө", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан