Ырчы, дастанчы Азиз Батыров ооруп жатканын, учурда Кара-Суу районунда ооруканада дарыланып жатканын SUPER.KG порталы абалын сурап байланышканда билдирди.
"Учурда Кара-Суу районунда ооруканада дарыланып жатам. Абалым туруктуу. Өзүмө келип, дем алуум жакшырып калды. Дарыгерлер жакшы карап жатышат. Калдайган кыргыз элине, бардык ырчыларга терең ыраазычылык билдирем", - деди ырчы.