Казакстанда акыркы бир суткада 1800дөн ашык адамдан коронавирус аныкталды

Коңшу Казакстанда акыркы бир суткада 1 миң 808 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде COVID-19 илдети аныкталган 1миң 808 адамдын ичинен 913үндө вирустун симптомдору жок болсо, 895и илдеттин симптомдорун алып жүрүүчүлөр болгон.

Илдет жаңы аныкталгандардын ичинен эң көп Нур-Султанда (256), Алматыда (229) жана Атырау облусунда (177) калгандары башка аймактардан катталган.

Казакстанда жалпы 68 миң 703 адамдан коронавирус илдети тастыкталган. 40 миң 256 бейтап оорудан сакайган, тилекке каршы, 375 адам кайтыш болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан