Бүгүн, 18-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен жабыркагандар бар экени маалымдалды.
"Алардын үчөө тең умра сапарынан келген эркек кишилер. Алардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран", - дейт саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.
Өкмөт үйүндө коронавирустук инфекциянын өлкөнүн аймагына кирүүсүн эскертүү боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жыйында айтылды.