Бүгүн, 19-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 14 миллион 231 миң 248 адам жуктуруп алды. Анын 7 миллион 992 миң 126 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 601 миң 213 бейтап каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 707 миң 23 адамдан коронавирус аныкталып, 140 миң 105 адам каза болсо, 1 миллион 122 миң 720 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 74 миң 860 адамдан аныкталды. 78 миң 772 адам каза болсо, 1 миллион 447 миң 408 бейтап айыкты.
Ал эми үчүнчү орунда Индия. Индияда 1 миллион 38 миң 716 адам вируска кабылган. 26 миң 273 бейтап көз жумса, 653 миң 751 бейтап оорудан сакайган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.