Депутат Кенжебек Бокоев коронавирус башталганда сын айтып, эртеси кайра кечирим сураткан туура эместигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Акыркы убактарда коомчулукта көтөрүлүп жаткан маселе боюнча токтолсок. Коронавирус аныкталгандан баштап медицина кызматкерлери, активисттер билдирүү жасап жатышты. Бирок ошол билдирүү үчүн эртеси УКМКнын же укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен пикир алмашуу болгондон кийин кечирим сурап жатышат. Бул коомчулукта аябай сын пикир жаратты. Бул туура эмес да", - дейт Бокоев.