18-июлда жааган жамгырдын кесепетинен Чоң-Алайдагы 13 турак үйдүн короосун суу каптап кетти

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда 18-июль күнү саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен 13 турак үйдүн короосун суу каптап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чоң-Алай айыл аймагында каналдардан суу ашып, Дароот-Коргон айылындагы 8 турак үйдүн короосун, Кызыл-Эшме айылындагы 5 турак үйдүн короосун суу каптаган жана Беш-Кашар тилкесинде жайгашкан 1 турак үйдүн ичине суу кирген.

Окуя болгон жерге Чоң-Алай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймактан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылып, 1 турак үйдүн ичи толугу менен тазаланган жана каналдарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ал эми сел суулары кирген турак үйлөрдүн ээлери короолорун өздөрү тазалап алышкан. Бүгүн, 19-июль күнү сел өтүүчү каналдарды калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан