Бишкектин Биринчи Май районунда эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Горький жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус жана Матиз үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши жана 1 аял киши жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.