"Атаман" каймана аты менен таанылган белгилүү мушкер Рафаэль Физиев Абу-Даби шаарында өткөн "UFC Fight Island 2" турниринин алкагында англиялык мушкер Марк Диакисенин үстүнөн жеңишке жетти.
Кыргыз мушкери беттештин биринчи бөлүгүнөн тартып эле өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, атаандашына бир топ мыкты соккуларды узатты. Үч бөлүккө созулган беттеште калыстар бирдей чечим менен жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.
Эске сала кетсек, бул жеңиш Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы экинчи жеңиши.