"Вирус бизди чөгөлөттү, кайда караба, калп жана каталар". Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башкы катчысы лекция окуду

"Вирус бизди чөгөлөттү, кайда караба, калп жана каталар". Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башкы катчысы Антониу Гуттериш окуган лекциясы тууралуу БУУнун сайтына жарыяланды. Ал өз сөзүндө көбүрөөк коронавирус пандемиясына токтолгон.

"Микроскоптон гана көрүнгөн вирус бизди чөгөлөттү. Кризис ондогон жылдар бою четке кагып келген маселелерди оркойто көрсөтүп койду. Бир канча өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системинин деңгээли, социалдык коргоо тармагындагы кемчиликтер, структуралык теңсиздик, айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашы, климаттык кризис... Жакырчылыкты жоюуда жакшы иштерди жасаган бир катар аймактар саналуу айдын ичинде нечендеген жылдарга артка кетти", - деди Антониу Гуттериш.

Анын айтымында, дүйнө Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу глобалдык экономиканын төмөндөөсүн башынан өткөрүп жатат. Пандемиянын айынан дагы 100 миллионго жакын адам ач калышы ыктымал.

"Кайда караба, калп жана каталар. Эркин рыноктук экономика бардыгы үчүн саламаттыкты сактоону камсыздоого жөндөмдүү деген сөздөр жалган болуп чыкты. Расизм жок дүйнөдө жашайбыз деген адашуу болсо, баардыгыбыз бир кайыктабыз дегени миф болуп калды. Ооба, баарыбыз бир деңиздебиз, бирок айрымдар бул учурда өзүнүн супер-яхтасында эс алып жатса, башкалар жанынан сүзүп өтүп бара жаткан агындыларга жандалбастап жабышууга аракет кылып жатат", - деди Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башкы катчысы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KalenAlmaz
2020-07-19 14:34:58
Бугун бизде жанылык жок го?Таззабы же.
+11
nurbek56
2020-07-19 14:53:15
Биздикилер бугун выходной не болсонор ошо болгула деп уктап жатышат.
+15
HHFRU
2020-07-19 18:36:58
Каза болгондор 70 деп жазышты, официалдуу эле катталганы. Тилекке каршы, жок боло элек :((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан