Бишкек-Торугарт унаа жолунда жеңил унаа жүк ташыган унаа менен сүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 19-июлда болду.
"Howo жүк ташыган унаасы менен Toyota Crown унаасы сүзүшкөн. Анда жеңил унаа Ысык-Көлдү көздөй бара жатып, жүк ташыган унаанын артына кирип кеткен. Жыйынтыгында жеңил унаадан 4 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.