Чүй облусунун Жайыл районунда катталган катуу шамал турак үйлөрдүн, чарбалык курулуштардын чатырын учуруп кетти. Катуу шамал кечээ, 19-июлда саат 17:30 чамасында катталганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кара-Балта шаарында ылдамдыгы секундасына болжол менен 28 метрге жеткен шамал катталып, 4 турак үйдүн жалпы 203 чарчы метр чатырын, "Аюу-Таш" кафесинин 250 чарчы метр чатырын жана 2 чарбалык курулуштун 210 чарчы метр чатырын учурган. Окуя болгон жерге министрликтин Жайыл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.
"Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт", дешти мекемеден.