Балыкчы-Кочкор жолунда кырсыктан ата-энеси көз жумуп, оор абалда ооруканада жаткан бир туугандардын бири каза болду

Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында катталган жол кырсыгында жаракат алып ооруканага түшкөн бир туугандардын бири каза болду. Бул тууралуу акыйкатчы институтунан билдиришет.

"Тилекке каршы кечээ,19-июлда ата-энесинен айрылып, өздөрү оор абалда жаткан балдардын бири каза болуп калды. 8 жаштагы кыздын абалы канааттандырарлык. Ал эми экинчи баланын абалы оор. Анын кабыргалары сынып, өпкөсүнө катуу доо кетип, суу толуп калган. Чоң апасы "туяк калсын" деп чырылдап, жардам сурап акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылды.

Акыйкатчы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине ошол замат кайрылуу каты жөнөтүлдү. "Урматтуу Сабырбек Жумабекович, бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу калды. Анын өмүрүн улоо сиздин колуңузда болуп турат", деген.

Өлкөдөгү азыркы кыйын кырдаалга карабастан, тез аранын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте жардам бересиз деген ишеничтебиз",- деп билдирет басма сөз кызматынан.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш телефону: Балдардын чоң апасы Кулуя Токтосунова 0700 090 621, 0509 141 491.

Ысык-Көлдүн Тоң районунда 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында Volkswagen Passat менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда каза тапкан үч адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaka78
2020-07-20 15:17:05
Эх жаратканым, өзүң жардам бер, өзүң сакта,айла гана жок,калганы аман калса экен
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан