Медицина илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Мамбетов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбетов Жаныбек Султанбаевич каза болду. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мамбетов Жаныбек Султанбаевич байкем, медицина илимдеринин доктору, КММАнын Урология жана андрология кафедрасынын профессору. Канча адамдын кыйналганын жеңилдетип, ден соолугун чыңдаганга жардам берип, эми минтип өзү кетип калды.

Өлүмдүн катталуусу боюнча алдыңкы орунга чыгыптырбыз дегенди ар бирибиздин башыбызга жоготуу келгенде гана сезет окшойбуз. Дагы канча адамдын өмүрү кыйылышы керек? Канча мыкты дарыгерди жоготушубуз керек? Абалды колго ала турган, дарыгерлерге дем бере турган күн келеби же ээлеген ордуңардан куубасын деп орундугуңарга жабышып олтура бересиңерби?

Жаныбек байке, жашабайт белеңиз, кыргыз медицинасын алдыга сүйрөбөйт белеңиз, эмнеге кеткенге шаштыңыз? Жакында эле сүйлөшкөндө "баары жакшы" дебедиңиз беле.

Кыргыз өкмөтү ишмердүүлүгүңөрдүн көрсөткүчү адамдардын өлүмү, жалпы калктын санына эсептесе эң көп адамдарды жоготуп аткан өлкө болдук. Биринчи орунга чыктык. Бир нерсе кыласыңарбы?.." - деп жазган Рита Карасартова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2020-07-20 14:56:16
Жаткан жери жайлуу болсун,жайы жаннаттан болсун...
Мыкты врач,профессор,илимдин кандидаттары кетип жатат,Жараткан ушул балээни жок кылсын.
+6
ma2as
2020-07-20 21:48:01
Жааткан жери бейиштен болсун . Кучтуу врач эле , убагында билим алдык эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан