Акыркы суткада COVID-19 жана пневмония илдети дагы 42 бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында кабарлады.
Бишкек шаары – 9;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 3;
Ош облусу – 7;
Талас облусу - 4;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу - 1.
Республика боюнча март айынан бери аталган илдеттерден каза болгондордун жалпы саны 1 миң 79 адам болду.