Муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлар карантин маалында акысыз

Карантинге байланыштуу базарлардын жанындагы муниципалитетке караган унаа токтотуучу жайлар тейленген жок. Демек, ал жерлерге унаасын токтоткондордон эч ким акы албашы керек. Мындай маалыматты шаардык мэриядан таратышты.

"Унааңызды токтотуп жатканда белгилерге көңүл буруңуздар. Ал жерде автопарк муниципалитетке тиешелүү экенин билдирген маалымат тактайчалары болушу керек. Экинчиден, биздин кызматкерлер атайын "МП" деген логотиби бар кызгылт сары форма кийип жүрүшөт. Алар сөзсүз акы төлөнгөнү жөнүндө мөөрү бар талон берет. Расмий тариф чектелбеген убакытка 25 сом.

Андыктан карантин маалында муниципалитетке тиешелүү жерлерге токтогон унаа ээлеринен акы талап кылган фактыларга күбө болсоңуз 0550760966, 547967 номуруна байланышыңыз. Фото, видео тартып алып жөнөтсө да болот",
- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-BOSS-
2020-05-20 22:28:31
Карантин маалында муниципалитети жок жөнөкөй жолдун четине машина токтотпой ышкырып ызылдашып атат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан