Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында 1995-жылы туулган жаран көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 19-июль күнү болгон.
20-июль күнү издөө иш-чараларынын натыйжасында ӨКМнын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.