Муфтият: "Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет"

Быйыл өлкөдө Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

"2020-жылдагы Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. 22-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы", - деп билдиришти Муфтияттан.

Муфтияттын билдиришинче, курмандыкка бодо малдар тактап айтканда төө, уй жана кой жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан чоң болушу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан