UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов сентябрь айында өтө турган UFC 253 турнирине катышпайт. Бул тууралуу мушкердин менеджери Ризван Магомедов орусиялык басылмаларга билдирген.
"Хабиб бул турнирге катышпайт", - деген ал.
Буга чейин Ризван Магомедов Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин беттеши UFC 253 турниринин алкагында, 19-сентябрда өтүшү мүмкүн экендигин айткан.
Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов акыркы беттешин өткөн жылдын 8-сентябрында америкалык мушкер Дастин Порьеге каршы өткөрсө, Жастин Гэйтжи акыркы беттешин 10-майда жердеши Тони Фергюсонго каршы өткөргөн. Эки мушкер тең акыркы беттештеринде жеңишке жетишкен.