UFC: Нурмагомедов-Гэйтжи беттеши 19-сентябрда өтүшү мүмкүн

UFC уюмунун чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин ортосундагы беттеш UFC 253 турниринин алкагында 19-сентябрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык мушкердин менеджери Ризван Магомедов жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Бизде бул беттешти өткөрүүнүн болжолдуу гана айы бар. Бул сентябрь айы. Беттештин кайсы жерде болору жана так күнү азырынча билине элек. Дагы бир жолу кайталайм, беттештин болжолдуу гана айы бар", - деген Магомедов.

Мындан тышкары ал Жастин Гэйтжиден башка атаандаштар менен болгон тандоолор каралбай тургандыгын кошумчалаган.

Хабиб Нурмагомедов акыркы беттешин өткөн жылдын 8-сентябрында америкалык мушкер Дастин Порьеге каршы өткөрсө, Жастин Гэйтжи акыркы беттешин 10-майда жердеши Тони Фергюсонго каршы өткөргөн. Эки мушкер тең акыркы беттештеринде жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан