Тажикстан ИВЛ аппараттарын чыгарууну пландоодо

Тажикстандын Улуттук илимдер академиясы тажик окумуштуулары тарабынан ойлоп табылган жасалма дем алдыруучу аппаратты (ИВЛ) чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Ага ылайык, ИВЛ аппараты борбор шаар Дүйшөмбүдө өндүрүлөт. Бул ИВЛ аппараты физиктер тарабынан иштелип чыгып, Дүйшөмбү шаарындагы клиникалык ооруканада жактырылган. Мындан тышкары Улуттук илимдер академиясы вирусту, анын ичинде коронавирус инфекциясын дезинфекциялоо үчүн жалпы антисептик катары бардык өлкөлөрдө кеңири колдонулган натрий гипохлоритин өндүрүп жатканы белгилүү болду.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда жалпы 7 миң 192 адамдан коронавирус аныкталды. 59 адам каза болсо, 5 миң 970 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-27 16:10:23
А Кыргызстан алардан сатып алып, арендага берууну пландоодо!
+4
gute
2020-07-27 16:14:48
Биз аппарат эмес ошол аппараттын дөңгөлөгүн чыгара албайбыз (
0
Kanchoroasanuulu
2020-07-27 17:22:05
Өнүгүү деген ушул, азаматсыңар Тажикстандык окумуштуулар!
-3
Valley.of.the.Wolves
2020-07-27 17:54:38
Супер инфо жана комментария жазгандар замандан артта калбасаңар ИВЛ аппаратты "Кыргыз Ууна Курулуш" заводу жасап чыктыго бардыгы кыргыз тилинде. Фейсбукда жана Спутник сайтына чыктыго.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан