Пекиндеги коомдук даараткана коронавирустун дагы бир очогуна айланды

Кытайдын борбору Пекин шаарындагы коомдук даараткана коронавирус инфекциясынын дагы бир очогуна айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Пекин шаарындагы коронавирус инфекциясы аныкталган эки жаран вирус чыгып жаткан "Синфади" базарына жана ага жакын райондорго барбагандыгын айтышкан. Инфекция аныкталган эки жаран жубайлар болушкан жана алар акыркы жолу шаардагы Юдин көчөсүндөгү коомдук дааратканага барышкандыгын айткан.

Мындан улам эпидемиологдор тобу иликтөөнү жүргүзүп, алардын шаардагы Юдин көчөсүндөгү коомдук дааратканага акыркы жолу төрт жолу барышканын аныкташкан. Кийинчерээк ушул даараткана инфекциянын очогу болгону аныкталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда жалпы 84 миң 701 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 4 миң 641 адам каза болсо, 79 миң 572 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан