Коронавируска каршы күрөшүп жаткан врач-дарыгер Рахила Матраимова өзү да аталган илдетке чалдыгып каза болду

Ош шаарында коронавирус илдети менен күрөшүп иштеп жаткан дарыгер Рахила Матраимова өзү да бул илдетке кабылып каза болду. Маалыматты маркумдун уулу Бакыт Матраимов тастыктап, апасынын өмүр баянына токтолду.

Матраимова Рахила Кыргызбаевна дарыгер-терапевт, УЗИ адиси. 1967-жылы 28-апрелде Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Ошондон тартып дарыгерлик менен алектенип, бир катар клиникаларда жетекчилик кызматтарда да иштеген. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагынын мыктысы, жогорку категориядагы дарыгер.

Ал акыркы айларда СОVID-19 илдетинен жабыркагандарга жардам берип, дарылап жүргөн. 53 жашында өпкөнүн эки тараптуу пневмония илдетинен көз жумду.

"Акыркы учурда Ош шаарында ооругандар көбөйгөндө менчик клиникада ооруларды кабыл алып, дарылап жаткан. Ошол учурда өзүнө илдет жукканын байкабай, өтүшүп кетиптир. Коронавирус оорусу күчөп, пневмонияга өтүп, томографияга түшүрсөк өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркаганы белгилүү болду.

Навои мектебиндеги стационарга алып бардык, жалпы залда бир күн жатып, эртеси жандандыруу бөлүмүнө кирди. Ал жакта 6 күн жатып, кийин облустук ооруканага которушту. Бул жакка которулгандан кийин 1-күнү абалы жакшырып калгандай болду эле, бирок кийинки 2 күн оор абалда жатты. 23-июлда каза болуп калды", -
деди уулу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Paol
2020-07-28 00:46:21
Иииий десе арты кайырлуу болсун эженин(жакындарына сабыр берсин.Бул эженин жеке клиникасы бар эле даарылангам учурунда жакшы эже эле
+2
gordaya
2020-07-28 01:03:38
Жаткан жери жайлуу болсун, окунучтуу,ичим ачышып жатат ар Бир олгон жаранга,
+2
Alia82
2020-07-28 01:04:42
Жайы жаннаттан болсун
+2
Nur777
2020-07-28 10:03:51
Ии...бул эжени таанычумун((((((((
Жаткан жери жайлуу болсун,жайы жаннаттан болсун!((((((
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан