17-апрелде Стамбулдан өлкөгө Кыргыз жарандары келишкен. Алардын арасынан бир жүргүнчүдөн коронавирус аныкталганы, аны менен учакта чогуу келгендер үй карантининде экени 23-апрелде белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан жүргүнчүлөр эмнеге үй карантининде деген суроого түшүндүрмө беришти.
"Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн баары алгач обсервацияга алынып, ПЦР-тест тапшырган. Ага ылайык, бир жүргүнчүдөн вирустун белгилери бар деп, калгандарынан жок деп чыкты. Вирус аныкталган жаран ооруканага жаткырылды, аны менен бир учакта келгендер үй карантинине жиберилип, жашаган аймагы боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык, биринчи алынган ПЦР анализдеринин жыйынтыгы вирустун белгилери жок чыкса анда жарандар үй карантинине жиберилет же обсервацияда калат. Тагыраагы чет өлкөдөн учуп келген жарандар үй карантиндин шарттары көрсөтүлгөн сурамжылоо толтурушат. Эгер шек жаралбаса, үйүндө карантиндик шартты аткарганга мүмкүнчүлүгү бар болсо алар үйгө чыгарылат, ал эми карантинди сактоого шарты жок же шек жараткандар болсо алар 14 күнгө обсервацияга жиберилет", - дешти мекемеден.