Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
"Жалпы мусулман жамааты үчүн боорукерликтин, адеп-аклактын жана ырайымдуулуктун баа жеткис көрүнүшү катары бул улуу майрам мусулмандардын руханий казынасында шек жок өзгөчө орунду ээлейт. Бакубатчылыкты, дөөлөттүүлүктү символдоштурган Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана биздин элдерибиздин биримдигин арттырсын. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз өлкөсү менен тилектештигибизди билдиребиз, эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгарыбызга ишенем", - деп айтылат Казакстандын президентинин куттуктоо телеграммасында.
Касым-Жомарт Токаев президент Сооронбай Жээнбековго бак-таалай, ак ниет иштерине ийгиликтерди жана жетишкендиктерди, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өсүүнү жана бакубатчылыкты каалады.