Ырчы Анжелика: "Элчи болгум келчү, балким ал кыялым ишке ашып калаттыр"

Ырчы Анжелика ыктыярчы катары президентке жолукканы, кайрымдуулук, саясат, жаңы алган үйү жана башка темада SUPER TV`га маек курду.

Алгач ал өлкө башчы менен болгон 3 сааттык жолугушуу ойдогудай өткөнүн, анда кандай маселелер көтөрүлгөнүнө токтолду.

"Биз өз көзүбүз менен көргөн нерселерибизди айтып бердик. Жолугушууда дарыгерлердин туура эмес иш алып баруусу, тагыраагы ыктыярчылар тарабынан берилген бет каптарды жана башка каражаттарды кампага катып койгондор тууралуу кеп козголду. Бул маселе дароо чечилерин өлкө башчы билдирди. Жолугушууга баргандар атабызга даттангандай эле баарын ачык айттык.

Бийликке карата сындар айтылды. Мен ойлогом бизди бул жаатта чектеп коёт деп. Бирок тескерисинче, президент туура кабыл алып "мага көп нерсени айтышыңар керек, балким мен көп нерсени билбей калып жатамын" деди.

Мен жолугушууда обсервация, ооруканаларда канча адам жатканы, алар кимдер экени, бош орундар тууралуу тизме короодо болсун деген сунушту айттым. Анткени жол тандабастар менен келгендер ооруканага кирип, карапайым адамдар сыртта калып жатат деген видеолорду көрүп жаттым", - дейт ал.

Анжелика айым пандемия шартында ыктыярчы болуусуна ырчы Мирбек Атабековдун социалдык тармактагы билдирүүсү себеп болгонун айтат.

"Карантин болуп үйдө отуруп калдык. Мирбек Атабеков кычкылтек концентраторун алып берели деп өзү бир жабдыкка акча бөлгөнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты. Анан мен дагы бирди алып беришим керек, ар бирибиз бирден алып берсек бейтаптардын өмүрүн сактап калабыз дедим. Жарнама менен иштешкен өнөктөштөрүмдөн гонорар келип түшкөн, ошол акчанын баарын жабдык алууга котордум. Ал суммага 5 кычкылтек концентратору келет. Андан тышкары менин тааныштарым, эжекелерим дагы жабдык алып берүүгө киришти. Андан кийин Элсомдон капчыгымды ачып, каражат топтой баштадым. Садака кылгандардын көбү чалышып "чын эле сиздин Элсомбу?" деп сурап жатышты. Жалпысынан 5 миллион сомго медициналык жабдыктарды жана дары-дермектерди алып, элге тараттык".

Ырчы саясатка аралашуу боюнча пикири менен бөлүштү.

"Саясатка барыш керек окшойт деп калдым. Себеби мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүгө жол ачылат экен. Эгер партиянын лидери, команда сендей мыкты, мекенчил болсо эмне үчүн элдин көйгөйүн чечкенге күч-аракетиңди жумшабашың керек? Бирок кыялымда өзүм элчи болуп, башка мамлекеттерде Кыргыз өлкөсүнүн маданиятын көрсөткүм келчү. Эгер элчи болсом элибиздин маданиятын ушунчалык көрсөткөн элчи болмокмун. Балким ал кыялым ишке ашып калаттыр. Баары алдыда, биз башкалардын катасын көрүп тажрыйба топтой беришибиз керек экен", - деди ал.

Маектин жүрүшүндө Анжелика айым ырчы Асема экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөргө токтолуп, азыр баары жакшы экенин айтты. Мындан тышкары ал жаңы алган үйү боюнча кеңири маалымат берип, ак өргөөнү алуу үчүн насыя алганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
Adilet03
2020-07-31 18:10:59
Анжелика жон эле койсон болмок бул жакта диплому бар жумушу жок канчасы журот аларды ойлоп тушгуло жол бергиле алар дагы оз кесиби боюча тажрыйбасын эл болушотго сен озун ырчылыкты тандадын ошол иштин майын чыгарып тиешелуу чойродо элге кызмат кыла бер саясатка аралашпа билимин жок туурабы
+15
Taalaibek.
2020-07-31 18:50:17
Кыялында ырчы болом дечу элен го. Сен колундан келсе саясатка барба! Себеби саясатка барчу болсон, сенин да козунду май басып, карапайым элди ойлобой каласын. Ансыз деле билимин азыраак, Кыргызстандын эгемедуулугун билбей калгансын, саясатка барыш сен учун ото уят. Канчалык элге жардам берем десен дагы бул ишин ишке ашпай калат. Бул чындык. Андан коро соопчулук иштеринди кыла бер. Сага ийгилик.
+19
PeRa
2020-07-31 19:33:44
Бай өлкөлөрдөн, бай адамдардан акча алып, жакшы нерселерге инвестиция кылса, туура эмес жазса деле, билими төмөн болсо деле, тил билбесе деле эмнеге иштегенге болбосун. Котормочу, секретарь жалдап алат. Политикага барып да өзүн сынап көрсүн, кылам, иштейм деген адамга жол бериш керек.
-15
Nurdinova
2020-07-31 22:05:51
Эгерде Кыргызстанда дагы эле ушундай акыбал уланса Тынар Курбаналиев айткандай келечекти башка өлкөдөн курабыз да
+13
Ariz0112
2020-07-31 22:06:30
Кыштын кыштай,кыздын кыздай болгону эле жакшы. Ырчынын ырчыдай, саясатка жолобочудай болгону жакшы.
+11
brentfo
2020-07-31 23:53:52
Жакшы колунан келсе баары ле иштесе болот
-10
Firdaus-Muslim
2020-08-01 00:29:47
Ыйык микрафон.
+8
Kona8631
2020-08-01 00:33:10
Кемпирди жашартып койгондой ))))
+7
Sema12
2020-08-01 01:04:10
Жакшыле тизеси кызарганго
+10
Bekovich76
2020-08-01 02:59:30
Кыздарыбыз баары Анжелика болуп кетпесин,кой жон эле ырынды ырдап журо берчи
+8
4ika1989
2020-08-01 08:56:10
Даа вот это поворот, ушул ырчылар эле калдынар эми саясатка барбаган, ырдай бергилечи ырынарды, өзүңөр маанилүү,ырдай албайсыңар анан саясатка барыш керек, элдин көйгөйүн чечиш керек деп тата пата дебей эле койгулачы.
+5
Sema12
2020-08-01 16:54:24
Жолугушуудан кийин через Асыке аканин кабинети аркылуу чыкканго чагым.Элчи болушту энсеп калыптыр.
+3
Mamajanovna77
2020-08-02 15:02:20
Согуштан сөз баштаса окоптон чыккан жөө чечендер көп да.мен мен дешип
-3
Aybiyke
2020-08-02 16:30:49
Теледен Ушул айым чыкса каналды башкага котором ишенбесенер аялыман сурагыла
+1
aerforce
2020-08-04 15:56:44
Кыргызстан качан эгемендуу болгонун билбеген Анжелика элчиликти кыйратасынбы ай ушул ырчыларда куйгузду элге бираз жардам беримиш болуп озун пияр кылып анан бийликтин бир бутагына олтуруп алып оз атын жазалбай тантырап бул силерге фонограмма эместа унуну жаздырып алып ырдагандац
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан