Дүйнө жүзүнө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясынын толкундары ондогон жылдар бою сезилип турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус брифингде айтты.
"Коронавирус инфекциясынын толкундары дагы ондогон жылдар бою сезилет. Бул ооруга каршы вакцина рекорддук ылдамдыкта чыгып жатса дагы, колубуздагы каражат менен биз бул вируска каршы күрөшүүнү үйрөнүшүбүз керек", - деген Гебреисус.
Анын белгилешинче, коронавирус дагы да болсо күчөп жатат. Акыркы 24 сааттын ичинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө 300 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталганы боюнча маалымат алды. Анын ичинен Америка чөлкөмүндө 171 миң 946 адамдан аныкталса, Түштүк-Чыгыш Азия 60 миң 113 учур менен экинчи орунда. Үчүнчү орунда 25 миң 241 учур менен Европа чөлкөмү.