Соңку суткада COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, каза болгон жарандар Бишкекте жана Ысык-Көлдө катталды. Ошондой эле алар вакцина алышпаганы айтылат.
Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 2811 кишини түздү.