Киевдеги банкты басып алган Өзбекстандын жараны психикалык жактан жабыркары белгилүү болду

Украинанын борбору Киев шаарындагы банктардын бирин басып алып жардырам деп коркуткан коңшу Өзбекстандын жараны психикалык жактан оорулуу болуп чыкты. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлигинин орун басары Антон Геращенко билдирген.

Анын айтымында, 32 жаштагы Сухроб Каримов бала кезинен бери ооруп келген. Он жашында ага олигофрения диагнозу коюлган. Ошол эле учурда Каримов оорусун жашырып келген. Буга чейин анын кылык-жоруктарына эч кандай кылмыш иши козголгон эмес.

Бир күн мурун, тагыраагы 3-августта Сухроб Каримов Киевдеги "Леонардо" бизнес борборундагы банктын филиалын басып алып, сумкасында бомба бар экендигин айткан. Ал банктан 40 миң гривен (1 миң 5 жүз АКШ доллары) жана журналисттер менен түз эфирде байланышууну талап кылган. Каримов өзүн "ыйык рух" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2020-08-04 16:00:11
Ээ.бул тиги артис жашылскийдин эле шоусу болду кече эле окшобой жаткан дешевый спектакли
-2
ALATOOLUK.JIGIT
2020-08-04 17:44:35
нендурайн,окшошпой калса эле жинди болуп чыгамкелгендер жакпайт да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан