Бишкек шаарында ооруп кайрылган бейтаптардын саны азайгандыктан, 7 стационар ишин токтотту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, стационарлар ачылгандан бери кечээ эң аз сандагы оорулуулар кабыл алынган.
Тагыраагы күндүз - 964, 5-августка караган түнү 173 бейтап стационарга кайрылган. Мындан улам мэрия киши өтө аз же таптакыр жок стационарларды күз-кыш мезгилине карата күч, каражатты үнөмдөө үчүн жабууну чечишкен.
Жабылган стационарлар:
"Сейтек" мектебиндеги стационар;
№95 мектептеги стационар;
№83 мектептеги стационар;
№81 мектептеги стационар;
№94 мектептеги стационар;
"Арал" кафесиндеги стационар;
Кара-Жыгач жаңы конушундагы "Салтанат" ресторанындагы түнкү стационар.
Белгилей кетсек, буга чеийн мэрия стационарлардын жабылганын толук жабылды деп түшүнбөө керек деп билдирген.
"Стационарлардын жабылып жатканы бул консервация болду дегендик. Анда медициналык жабдыктар тазалоодон өтүп, керебеттердин баары жыйылып турат. Анткени эс алуудан келген шаар тургундары болот. Абал туруктуу эмес, ооруну аягына чейин жеңдик дегенге азырынча эрте, адамдар ооруган учур дагы деле болуп жатат", - деп билдирген мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова.
Бишкек шаарында илдет күчөп турган маалда 13 стационар ачылган. Анын ичинен 10у күндүзгү болсо, 3өө түнкү кезек үчүн ачылган стационарлар.