Ливанда борбор шаар Бейруттагы жарылуунун кесепеттерин жоюу үчүн жетиштүү акча каражаты жок. Бул тууралуу Ливандын экономика жана соода министри Раул Нахме билдирген.
"Ливанда жарылуудан улам келтирилген зыянды толтурууга эч кандай каржылык мүмкүнчүлүк жок. Биз эл аралык коомчулуктан жардам сурап жатабыз. Жарылуудан келтирилген зыян миллиарддаган долларга бааланууда", - деген Нахме.
Анын айтымында, Ливан келтирилген зыяндын бардыгын баалоого убакыт талап кылынат. Раул Нахме учурда өлкө үчүн бирден-бир жол Эл аралык Валюта Фонду менен кызматташуу болуп саналарын кошумчалаган.
Буга чейин Бейрут шаарынын губернатору Марван Аббуд жарылуудан кийинки шаардын чыгымы 15 миллиард долларга жетиши мүмкүн экендигин айткан.