Өзгөндө жаңы төрөлгөн кызын 30 миң сомго сатууга аракеттенген ата-энеге сот чечим чыгарды

Өзгөндө жаңы төрөлгөн кызын 30 миң сомго сатууга аракет кылды деп шектелген ата-энеге сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 12-ноябрь күнү Ош шаардык соту 1 айлык кызын 30 миң сомго сатып жаткан учурда кармалган Өзгөн районунун 1997-жылы туулган тургуну А.А. (эркек киши) менен Кызыл-Кыя шаарынын 1995-жылы туулган тургуну К.Ш.ны (аял киши) күнөөлүү деп таап, ымыркайдын атасын 8 жылга, ымыркайдын энесин 7 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок айыпталуучулардын жактоочусу бул чечимге макул болбой, Ош облустук сотуна кайрылган.

Ушул жылдын 27-май күнү Ош облустук соту материалдарды карап, анда наристенин атасына Ош шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган. Ал эми кыздын энеси күнөөсү далилденбегенин айтып, сот залынан бошоткон.

2019-жылдын 15-июль күнү 25-июнда төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылган жарандын кармалышы боюнча айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2020-08-08 08:53:16
Эн туура чечим.бала менен аял, эркекке берилген аманат.Аманатка кыянат кылгандыгы учун жазасын алышы керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан