Ырчы Ислам Акматовдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Биринчи ирет ата макамын алган ырчы кырк жылкылуу болгонун айтат.
"Кыздуу болдук. Биринчи наристебиз. Келинчегим саат 03:45те №6 төрөт үйүндө көз жарды. Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 300 грамм, бою 50 сантиметр. Азыркы учурда келинчегимдин жана кызымдын абалы жакшы", - деди кубанычка балкып турган ырчы мырза.
Ислам Акматов 2019-жылы 14-ноябрда сүйүктүүсүнө баш кошкон.