Бишкекте эрежени сактабаган 37 унаа айып короосуна токтотулду

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде уруксаты жок, өзү билемдик менен орнотулган атайын үн чыгаруучу жабдуулар менен жабдылган 37 автоунаа аныкталды.

Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Азыркы учурда түнкүсүн Бишкек шаарынын чоң борбордук көчөлөрүндө, магистралдык жолдордо Бишкек шаарынын тургундарынын тынчын алып, автоунааларды атайын катуу айдап, айдоочунун тиешелүү уруксаты жок кайра жабдылган же өзү билемдик менен орнотулган атайын үн чыгаруучу, жарык берүүчү сигналдарды орнотуп, же автожарыш уюштуруп, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти бузган айдоочулар көбөйдү.

Мына ушул айдоочуларга карата чара көрүү тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына көп кайрылуулар келип түшөт. Шаар тургундарынын кайрылуусун эске алып жана шаарда түнкүсүн тургундарга тынчтык бербеген айдоочуларга карата милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери атайын ушул багытта иш жүргүзүп, бир аптанын ичинде жалпысынан 37 автоунааны аныкташып, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, протоколдор толтурулуп, автоунаалар убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан