Эрнест Абдыжапаровдун V мастер-классынын жеңүүчүлөрү аныкталды

26-ноябрда режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун V мастер-классынан сабак алышкан жаш таланттар тарткан тасмалардын фестивалы жыйынтыкталды. Фестивалда мыктылардын мыктысы деп табылып, баш байгеге “Президент жана бомж” тасмасы ээ болду. Мындан сырткары да бир катар сыйлыктар тапшырылды. Алар - “Эң мыкты толук метраждуу тасма” – “Сулуулар жана миллион” (реж.: Нурлан Разакулов), “Эң мыкты кыска метраждуу тасма” – “Фотограф жана жүгөрү” (реж.:Санжар Абдыжапаров), “Эң мыкты режиссёр” – Алмаз Жангазиев, Абылай Маратов (“Кыялкечтер”), “Эң мыкты оператор” – Санжар Абдыжапаров (”Президент жана бомж”), “Эң мыкты художник” – Орозбай Абдысатаров (“Мезгил жана Алыкул”), “Эң мыкты үн режиссёру” – Марс Тукелов (“Тозокко карай жол”), “Эң мыкты монтажёр” – Элдияр Мадаким (“Аманат”), “Эң мыкты актёр” – Аскат Сулайманов (“Президент жана бомж”) жана “Эң мыкты актриса” - Назира Айтбекова ("Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-2”). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан