Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары боюнча шайлоочулардын 80,23 пайызынын добушуна ээ болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина брифингде билдирген.
"Лукашенко Александр Григорьевичке 4 миллион 652 миң адам добуш берген. Кыскача айтканда ал шайлоочулардын 80,23 пайызынын добушуна ээ болду", - деген Ермошина.
Президенттик шайлоого жалпы 5 миллион 790 миң адам катышкан.