Владимир Путин дүйнөдө биринчи жолу Орусияда коронавируска каршы вакцина каттоодон өткөндүгүн жарыялады

Орусияда коронавируска каршы вакцина дүйнөдө алгачкылардан болуп каттоодон өттү. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт менен жолугушуу учурунда билдирген.

"Менин билишимче, Орусияда бүгүн дүйнөдө биринчи жолу коронавирус инфекциясына каршы вакцина каттоодон өттү. Мен вакцина натыйжалуу иштей тургандыгын, туруктуу иммунитетти түзөрүн айтат элем. Кайталап айтам, вакцина бардык керектүү текшерүүлөрдөн өттү", - деген Путин.

Мындан тышкары ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашкодон вакцина тууралуу толук маалымат берүүсүн өтүндү.

Өз кезегинде Путин биринчи коронавирус вакцинасын иштеп чыккан адамдардын бардыгына ыраазычылык билдирди жана аны бүт дүйнө үчүн өтө маанилүү кадам деп атады. Ал Орусиядан кийин башка өлкөлөр дагы вакциналарды чыгара тургандыгына үмүт артарын билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AdylbekB84
2020-08-11 15:51:43
Соонун жаңылык деп ушуну айтса болот, каттодон эле өткөн болсо болду, корона вирус деген нерсенин атын укпай калайык бүтүн жер жүзү!
+8
bond
2020-08-11 17:58:23
Өткөндө бирөөлөр жазып жатат эле орустардын колунан келбейт деп.
+2
erlanspb
2020-08-12 05:50:01
Орустардын колунан баары келет согуш учурунда да катуюша менен калашникти иштеп чыгып женген го
+1
Globalnews
2020-08-12 08:42:04
лично мен алмак эмесмин, 2-чи клиническое испытаниеден кийин эле регистрация кылса анын коопсуздугуна гарантия барбы же жокпу? 4-чу клиникалык испытаниеден кийин кана берилиш керек. орустар бул ишти да орусча кылып койгондой
0
Alia82
2020-08-12 09:50:02
Мен лично ишенем, тез болгондун себеби баштагы эболанын ваксинасынын базасында жасалды деп атышат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан