Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары учурда толугу менен аяктады. Оорукананын жылытуу системи, канализация жана суу түтүктөрү жаңыланып, оорукана керебеттер, төшөнчүлөр менен камсыздалып, керектүү медициналык жабдуулардын алгачкы тобу келип түштү.
"Оорукананын жандандыруу бөлүмү 9 бейтапка ыңгайлашкан. Ар бир бөлмө кычкылтек концентратору менен камсыздалууда. Ошондой эле жакынкы күндөрү борборлоштурулган кычкылтек концентраторунун орнотулушу күтүлүүдө. Учурда оорукананын штаттык бирдиктери каралып жатат. 78 медицина кызматкеринин иштөөсү белгиленген", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күнгө чейин Баткен районунун жана Баткен шаарынын 120 миңге жакын калкына облустук оорукананын 45 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү кызмат көрсөтүп келген.