Оштун "Алай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу жарым жылга футболдон четтетилди

Оштун "Алай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Бакыт Маматов 6 айга футболдон четтетилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Премьер-Лигасынын басма сөз кызматкери Нурсултан Нурболот уулу билдирди.

"10-августта өткөн "Алга" жана "Алай" командаларынын ортосундагы беттештен кийин, "Алай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу беттештин калысы Дайырбек Абдылдаевге карата агрессивдүү мамиле жасап, моюнуна чаап жиберген. Мындан тышкары машыктыруучу Маматов флеш-интервьюга катышуудан баш тарткан. Мындан улам Кыргыз футболдук союзунун тартип комитети башкы машыктыруучуну 6 айга футболдон четтетишти", - деп билдирди Нурсултан Нурболот уулу.

10-августта өткөн "Алга" (Бишкек) - "Алай" (Ош) командаларынын ортосундагы беттеш (2:1) эсебинде бишкектик клубдун жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан