Алия Шагиева кыздардын сырткы көрүнүшү тууралуу видео тарткан блогер менен кайым айтышып кетти (видео)

Инстаграмда tut.beka деп катталган блогер кыздардын сырткы кийими тууралуу тартып киргизген видео ролигиние нааразы болгон интернет колдонуучулары көп болду. Анда ал кыска юбка кийген кыздарды сойку кыздарга салыштырган. Блогердин видеосунда, ал аялдамада турган кызга кайрылып, анын саатына канча турарын сураган.

"Эмне үчүн бул колдонуучу ушундай видеолорду тартат? Ал катталуучуларын мындай роликтер менен шылдыңдабашы керек! Мен бул айтылгандарды бир эле кызга эмес, жалпы кыздарга айтылган акаарат сөз катары кабыл алдым", - деп жазган Инстаграм колдонуучулардын бири.

Роликке реакция кылгандардын катарында сүрөтчү жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да бар. Ал эфир учурунда блогер кыз менен сөзмө-сөз айтышып кеткен.
Шагиева бөлүп жаруу, дискриминация, зордук зомбулук, басмырлоодон алыс болуу керектигин билдирген.

Алия Шагиеванын сүйлөгөн сөзү аягын чыкпай, күйөөсү телефонду алгандан кийин, эфир үзгүлтүккө учураган.

Ал эми блогер аталган видеону "Тамашоунун" президенти Эрмек Нурбаевдин суранычы менен баракчасынан алып салган.

Сынга алынган видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Qwer007
2020-08-15 10:26:12
Бул ачуу чындык, кыздар ачык кийинип кетишти. Ошолорго карап уй булоолу адамдар ойноштук кылып ажырашуулар кобойуп жатат. Апалар, эжелер сиздерда кыздарыныздарды, синдилериниздерди узун кийинууго чакырсаныздар. Баары узун кийинип журсо эркектер жубайларынан башакага карабайтда
+3
Duishonalievna
2020-08-15 11:59:51
Qwer007,Кызык го, а эркектер малбы, ким этегин ачса эле ээрчип, үй бүлөөсүн таштап кете берген. Өзүңөрдү кармаганды билбейсиңерби, кыздарга күнөө койбогула да. Ар ким каалагандай кийингенге акысы бар. Ушу азыркы "эркектердин"асылганы эле кыздардын кийими болуп калды.
+7
eljana
2020-08-15 18:40:43
Qwer007,Мээ эмне учун керек же эмне эркектер башы мн ойлонгонду унутуп калышканбы
+3
aerforce
2020-08-15 10:37:51
Чегип албаганбы?,
+2
Kyrgyz_bloger
2020-08-15 10:47:30
Бул видеону онолсун деп туура эле чыгарган,узунурак кийин деп кыргыздын жигиттери айтпаганда эмне башка улуттун жигиттери айтабы,башкалар силерге куйобу?Аташтын кызы жонундо айтсам мас экен деп ойлоп калдым суйлоо манерасынан билинип турат,согунуп да жатат,согунгондор оруска тийгендер бизге акыл уйротобу?бул Кыргызстандын жараны дагы болбосо керек.
+2
Kylym.85
2020-08-15 11:03:20
Чыккыла карангылыктан,
-4
algakaray
2020-08-15 11:24:40
Кыпкызыл эле минус го баары
+9
toktor89
2020-08-15 11:28:47
Кыямат кайымдын белгиси кичи кыяматта аял заты жарым жыналач ата энесин сыйлабаган жетимдин акысын жегендер болот делген.
Так что азыр кызын кандай журсо ата энесинин тарбиясы жана ата энесин жер караткан да балдары болот.
Аллахым баарыбызга хидаят берсин
+15
i1urp
2020-08-15 14:32:26
toktor89,
Диний жомокторду айтпай эле кой. Ага эл ишенбейт. Тозок, бейиш, акыр заман сыяктуу араб, молдонун жомогуна акыл эстуу адам ишенбейт.
-13
Mister-X
2020-08-15 16:49:38
i1urp,Акыл,эстуу адамдар динге ишенет.Тескерисинче акылсыз адамдар ишенбейт.Кыргызстанда 90% динге ишенет.Ошолордун баары акылсыз,сиз акылдуусузбу?Алланын кереметин корсонуз ишенесиз,мен коргомун.
+8
AdylbekB84
2020-08-15 18:28:36
i1urp,атеист болсоң өзүң үчүн жооп бер! Башкаларга өзүңдүн Аллахты тааныбаганыңды, бейиш менен тозоктун бар экенин танганыңды таңуулабагын! Аллахыма шүгүр мусулман кылып жаратканына, сага окшогондорго дагы ыйман берсин Алла!
+5
Bakbai
2020-08-15 23:30:28
i1urp,жоголчу нары
+1
Gospozhatsetok
2020-08-15 12:44:04
Кыска кийген кыз ыймансыз деген соз бир акылы аздын гана айтканы ошол эле узун кийип, оронгон кыздар кыска кийим кийген кыздар кылбаган куноолорду кылып жатканын билебиз(баары эмес).Ушундай блогерлер да тажатышты озунун кыска акылы менен баарынын нервине тийип
+8
Targarien
2020-08-15 12:51:05
Озуно окшош кызга боору ооруптур да Шагиеванын. Озу негизи ушундай колготки кийген кыздар аягы суюк болот. 1-класста окуганымда ушундай кыска юбка, чыпташкан колготки кийген кыз мени бетимден ооп, эркелетип койчу. Анан чон класстар ага оптурбо анан оозу нени гана оппогон деп айтышкан.
-5
muslima-0788
2020-08-15 13:03:28
Неге мынча чычалайсынар тушунбодум.Узун кийип авратынды жаап жур деп Аллах айтып атат.Бул адамдын закону эмес экенин эч эле тушунбой койду кыска кийгендер.Ар ким кылса озуно кылат.
+11
i1urp
2020-08-15 14:33:48
muslima-0788, Чала молдолордун созун аллахтын созу деп калпты айтпагыла динчилдер. аллах эч нерсе деп айткан эмес. Аллахтын созун эч ким уккан эмес, арабтардын созун аллахтын созу деп элдин башын айлантпагыла динчилдер.
-12
katerina.li
2020-08-15 13:48:56
Эркектер бизде накта ыймансыз. Оздорун билсе эн алгач
-5
i1urp
2020-08-15 14:39:35
katerina.li,
Азыр молдолор ыймансыз.
-8
eljana
2020-08-15 17:36:03
Анча мынча «эркек» аттуулар жоопкерчилиги жок,алсыз,колунан эч нерсе келбейт ошон учун куноону башкадан, аял затынан издейт. Эркектер ошо бир жеринерге алынар жетпегенден кийин эркекмин дебей эле койгула.(албетте жакшыларына тиешеси жок бул создун)Айбан,зоокур,мыкаачы,психопат,насильник болгонунарды токтоткулачы!!! Бир нерсе болсо эле чыга келесинер юбкага асылып.Башка жакта унунор чыкпайтго!!!Аялды бузган да кордогон да зоокур эркектер (баары эмес)
+3
eljana
2020-08-15 17:39:14
Бироого эмне жамандык кылсан сага эки эсе кайтат ошону унутпагыла.
Баарынарга ачык акыл, ыйман ынсап берсин Аллахым
+2
Bayjigit83
2020-08-15 17:47:40
Озун бир мырк эле баласын. Кайдагы видеолорду уурдап келип бизге корсотбой эле койчу шумшук!
Кебетенди урайын,кыйын болгон!
+4
Nargiza6991
2020-08-15 18:46:52
Эми бул видеону ар ким өз деңгээлине жараша гана түшүнөт, андан артык түшүнүшө дагы албайт. Туура эле тартылган видео. Качан кыргыздын кыздары ачылып, чачылып жоон санын көрсөтүп кийиништи эле. Мисалы,Курманжан датка кандай сонун кийинген.
-1
Akoga
2020-08-15 21:57:46
"Аялың сулуу болсо ажыга көрсөтпө дейт" арабдар.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан