Социалдык тармактарга
Бектур Мамашев аттуу блогер менен мурдагы президент
Алмазбек Атамбаевдин кызы
Алия Шагиеванын түз эфирдеги видеомаеги тараган болчу. Алардын талкуусу блогердин кыска юбка кийген кызга карата жасаган мамиле жөнүндө тарткан ролигинин тегерегинде болгон. Бул боюнча
SUPER.KG порталы да
жазган болчу. Андан соң редакцияга Мамашев кайрылып көпчүлүктүн талкуусуна алынган ролик тууралуу оюн айтууну туура көргөнүн билдирди.
"Видео боюнча айта кетсем, Казактардын 15 мүнөттүк тарткан ролигин көрүп, мага идеясы жагып калган. Аны кыскартып 1 мүнөттүк кылып тартып чыктым. Албетте, жакшы ой менен жаштарга жакшы маанини бергим келген. Анда кыска юбка кийген кыздардын баарын жаман деген эмесмин жана антип айта да албайм. Ага укугум да жок. Ар ким өзү каалагандай кийинсин, өз эрки. Видеону Инстаграмга жүктөгөндө башында жакшы реакция болуп, оң билдирүүлөр жазылып жаткан. Анан кыска убакытта эле көп көрүүчү топтолуп, 2 сааттын ичинде 100 миңден ашуун адам көрдү. Ал көп көрүлгөндөн кийин Алия Шагиева "Инстаблогер кыздарга кыска юбка кийүүгө тыюу салат" деп жазып, сторис функциясына бөлүштү. Шагиева видеону бөлүшкөндөн кийин, колдонуучулар негатив сөздөрдү жаза баштады.
Алия Шагиева видеону толук көргөнбү же жокпу анысын билбейм, "сен кыздарга кыска юбка кийбе деп жатасың" деген сөзү менен видеону терс жакка буруп салды деп ойлойм. Чынында ар бир адам эле жаман ой менен бир нерсе кылбайт да. Мен ал видеону өтө жакшы ойдо тарткан болчумун. Ошентип ызы-чуу башталганда өзүмдүн баракчамдан түз эфирге чыктым. Ал жактан "Алияны кош" деп суранган көрүүчүлөр көп болуп кетти. Мен чынында анын ким экенин, кимдин кызы экенин ачыгы тааныбайт болчумун. Көрүүчүлөрдүн суранычы менен эфирге Алияны коштум. Видеодо кандай сүйлөшүүлөр болгонун өзүңүздөр көрдүңүздөр.
Роликти суранычтар боюнча өчүрүп салууга туура келди, айрымдар талап кылышты. Кийин мага чалуулар дагы келип жатты. "Тамашаонун" президенти Эрмек Нурбаев чалып, өзүнүн ойлору менен бөлүштү. Ооба, кээ бир жерде мен туура эмес кылышым мүмкүн. Бирок чынында мен 98 пайызга туура кылдым деп эсептейм. Ага карабай, Эрмек байкени сыйлаганым үчүн видеону баракчамдан өчүрдүм", - деди блогер.