Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында германиялык "Бавария" клубуна ири эсепте жеңилген "Барселона" клубу бир нече белгилүү оюнчулары менен коштошушу мүмкүн. Бул тууралуу испаниялык "Mundo Deportivo" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Эгер каталондук клуб "Интер" клубунун чабуулчусу Лаутаро Мартинести сатып алууга каражат тапса, анда чабуулчу Луис Суарес команда менен коштошот. Коргоочу Самуэль Юмтити жана чабуулчу Усман Дембеле клубдан кетиши толук мүмкүн. Клуб жетекчилиги алардын жаракаттарына гана эмес, жүрүм-турумуна да нааразы.
Жарым коргоочу Иван Ракитич "Севилья" футболдук клубуна кошулушу мүмкүн. "Барселонанын" коргоочулары Серхи Роберто, Нельсон Семеду жана чабуулчу Антуан Гризманндын клубдан кетери айтылууда.
Буга чейин "Барселона" клубунун коргоочусу Жерар Пике Чемпиондор Лигасында ири эсепте жеңилгенден кийин (8:2), клубда түп тамырынан бери өзгөрүүлөр болушу керек экендигин айткан.