Нидерланды улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу, 57 жаштагы Рональд Куман каталондук "Барселона" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
2019-жылдын күзүндө, Рональд Куман Нидерланды улуттук курамасы менен түзгөн келишиминде, эгерде ал "Барселонадан" сунуш алса, футбол боюнча Европа чемпиондугунан ("Евро-2020") кийин кызматтан кетүүгө уруксат берген пункт бар экендиги белгилүү болду.
Рональд Куман өзүнүн футболдук карьерасында "Барселона" клубунда 1989-1995-жылдары ойноп кеткен. Ал эми 2000-жылы Куман каталондук клубдун машыктыруучулук штабында иштеген.
Буга чейин испаниялык клубду жетектеп келген Кике Сетьен Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында "Бавария" клубуна ири эсепте жеңилгенден кийин кызматынан алынган.