Социалдык тармактарда белгилүү алып баруучу, блогер Назира Айтбекованын жазган ар бир посту интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратып келет. Өзгөчө мырзалар тууралуу жазгандары, ошондой эле ачык сүрөтүн жарыялап эркиндик боюнча жазса айрым хейтерлердин түн уйкусу качат. Ар бир посттун күтүп, калтырбай окугандар да четтен табылат. Анын соңку постту адаттагыдай эле талкуу чордонунда. Кээ бири аны Бектур аттуу блогердин видеосуна жооп катары кабыл алса, кээ бири кадимки пост деп кабылдашты. SUPER.KG порталы өзү менен байланышып, жазган посттору, ачык сүрөттөрүнүн максаттары тууралуу кеп курду.
- Эркиндик тууралуу жазган постуңуз Бектур аттуу блогердин видеосуна жооп катары жазылган деген өндүү пикирлер айтылып жатат. Деги эле ушундай өңүттө тартылган роликтерге көз карашыңыз кандай?
- Көп эле себеп болду ал постту жазганыма. Менин жеке баракчама көптөгөн каттар келет. Анын ичинен кыз-келиндердин дагы өтүнүчү болду. Албетте, Бектурдун дагы видеосу четте калган жок, анан ошонун баардыгы кошул-ташыл болуп көкүрөгүмдө мурунтан чийки жүргөн нерсени Бектурдун видеосу бышырды окшойт, анан эле бир маалда жарып чыкты. Негизи эле адамды адам тыйганга, жеке жашоосуна кийлигишкенге өтө каршымын. Ар бир адамдын өзүнүн чек арасы болот. Бирөөнүн чек арасына баш бакканга дагы өзүбүздүн чегибизге баш бактырганга дагы акыбыз жок. Биз светтик, эркин, демократиясы бар өлкөдө жашайбыз. Ар бир адам өзүнүн жеке жашоосу, ааламы менен эле алек болсо башка бирөөнүн жашоосуна убакыт да табылбайт. Эгерде биз ааламыбыз менен алек болгонубузда, жашообуз менен бактылуу болгонубузда башка бирөөнүн жашоосу менен ишибиз болбойт эле. Эгер башкалардын жашоосу менен ишибиз болуп жатса демек биздин жеке жашоодо чоң көйгөй бар дегендик.Ошондуктан өзүбүздү таанып билүү менен алек болуп, башка бирөөнүн жашоосуна кийлигишкенди токтотолу дейт элем.
- Адамдын кийими менен акылы дагы, ыйманы дагы өлчөнбөйт деп айтып жүрөсүз, сиздин бул сөзүңүз айрымдарына терс таасирин тийгизип калбайбы, мисалы кыздарды жарым жылаңач жүрүүгө чакыруу деген сыяктуу..
- Чынында адамдын кийими менен акылы дагы, ыйманы дагы өлчөнбөйт экен. Муну өзүмдүн жашоомдогу тажрыйбамда күбө болдум. Алыс кетпей өзүмдүн эле кесиптештеримден айтсам, ушунчалык ачык, кыска кийингендери бар, аларды бир да жолу сахна артында шыңаарлашып бир эркек менен бей жай жүргөнүн көргөн жокмун. Ошондой эле тескери мисалым да бар. Сыртынан зымырайып жипке тизгендей көрүнгөнү менен ары жагында көп кылгылыкты кылып, кыл жууп менен бууп койгон да кесиптештеримди көрдүм. Ошондон улам демек, сырткы кийимден эч кандай адамгерчилик бааланбайт экен. Адамгерчилик ал көкүрөктө болот экен, сыртыңда кийимиң барбы жокпу анын мааниси деле жок. Мен бирөөнү үгүттөй да албайм чечингиле деп, бирөөнү кысымга да алалбайм кийингиле деп. Ар бир адамдын ийининде өзүнүн башы бар. Ар ким өз жашоосунун ээси. Мен эркиндикти тандадым. Биз качанкыга чейин баарын сырткы кийим менен өлчөйбүз? Качанкыга чейин сырткы материалдык көрүнүшкө басым жасайбыз? Көйнөктөн көздү өткөрүп көкүрөккө жеткирчү мезгил келди. Бири-бирибизди көйнөктөн эмес көкүрөктөн таануубуз кажет.
- "Болбойт" деген өңдүү түшүнүктөрдү жокко чыгарууга аракет көрүп келесиз. Ал үчүн сөзсүз эле ачык кийинген сүрөттөрдү жарыялоо керекпи?
- "Болбойт", андай күнөө деп эле тыюу сала берсек, анда эртеңки күнү тескери тарбияны, тескери мамилени көрүп калабыз. Мен жашоомдо кыска, ачык-чачык кийинип же болбосо элдин арасында денемди көрсөтүп көлгө түшүп, андай кыла албайт экенмин. Бирок менин ошол ачык-чачык сүрөттөрүм бул болбойт деген тыюуларга карата төңкөрүшүм, менин каршылыгым. Анткени бизде ушунчалык "болбойт" дегендер көбөйүп кетти. Негизи эле каада салтыбызда "кызды кырк үйдөн тыюу" деген нерсе бар болгондуктан тыйып келишкен. Ошондой эле дин тарапта да өтө көп эрежелер, тыюулар бар. Адам эркиндиги менен бактылуу. Эгерде бири-бирибизге өмүр бою тыюу сала берсек, тыйган адам дагы тыйылган адам дагы бактылуу болбойт. Ошондуктан биз өз жашообуздун ээси болушубуз керек. Мен ачык сүрөттөрүм менен жан дүйнөмө төңкөрүш кылдым десем болот.